www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова жана «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов окуу китептеринин авторлору менен жолугушту.

Жолугушууда окуу китептерин даярдоо, алардын мазмунун өркүндөтүү жана сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Бул багыттагы иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгына ылайык жүргүзүлөрү белгиленди.

Авторлорго окуу китептеринин мазмунун заманбап талаптарга ылайык иштеп чыгуу, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн жана кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу боюнча талаптар коюлду.

Ошондой эле жаңы муундагы окуу китептери балдар үчүн түшүнүктүү, кызыктуу, ыңгайлуу жана заманбап форматта даярдалышы керектиги айтылды.

Жолугушуунун соңунда авторлор менен суроо-жооп уюштурулуп, окуу китептерин даярдоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Последние новости