www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя тээ союз мезгилинде мен студент кезде болгон. Ошол окуя кез-кез эсиме түшө калат. Андан бери көп убакыт өтүп кетти. Азыр кызым өзү студент.
Ата-энем Чүй боорунан орун алган Ивановка айылында жашашчу. Мен мектеп босогосун аттаган соң, атам менен ээрчишип алып борбордон орун алган окуу жайлардын эшигин бир топ күн сагалап, өзүмдүн көңүлүмө төп келген окуу жай таппай тагдырдын буйругубу, айтор, шаар чекесинен орун алган училищага келип такалдык. Учурда ал лицей деп аталат. Кыскасы, ушул окуу жайына тапшырууга макул болдум. Себеби атамдын айтуусунда, аялзаты келечектеги эне болгондуктан, дал ушул кесип аларга ылайыктуу деп эсептей турган. Анын үстүнө окуу жайдын тазалыгы, шарттары башка окуу жайларга салыштырмалуу бир топ эле жогору экен. Лицейдин кулинария багытына тапшырып, Кудайым буйруп сынак тапшырмаларындан ийгиликтүү өтүп, окуп калдым. Адегенде окууга табитим тартпай арадан бир аз убакыт өткөн сон, баш отум менен студенттердин шаарына кошулуп кеттим. Көрсө, өмүрдө бир жолу ачылган гүл сыңары, он сегиз жаш курагыңды студенттик күндөр коштоп турса өзүнчө бир ажайып дүйнө курчап алгандай туюлат экен.
Ошентип студенттик күндөр да өз нугу менен жүрүп отуруп биринчи курсту аяктап, экинчи курска аяк таштаган кез эле. Биринчи курсту аяктаган соң, жигит тандап, кийинки келген студенттерге тоңмоюн боло баштадык. Ал жерде жалаң кыздар окуйбуз.
Алдыда экзамендер жакындап келаткан эле. Батар күндүн, атар таңы бар" демекчи, ал күн да босогобузга баш багып, эртең экзамен болот деген күнү группадагы кыздардын баары менин бөлмөмө келишип, бирибиз билбеген суроого бирибиз жооп берип, суроо-жооп уюштуруп, эртеңки экзаменге даярданып жатканбыз. Адатта экзаменге ушинтип даярданчубуз. Саат жебеси түн бир оокумун көргөзүп турса да чогуу чай ичип алып жатмай болдук. Ар кимибиз өзүбүздүн өзүбүздүн бөлмөбүздөн кашык-чыны, чай-кантыбызды ала келип, тез эле стол үстүн жайната чай ичип, отуруп калдык. Сөз башында эле бирибиз оозубузду жыя электе экинчибиз жула качып, группанын жетекчиси жөнүндө кеп козгодук.
Себеби, ал группаны ушунчалык катуу кармап, түркүн чогулуштарды өткөрүп, кечиккен же кечеге бара турган студенттерди группанын алдында жер карата турган. Анын башынан аягына чейин суу куйгандай болдук. Сүйлөгөнүн, баскан-турганын, жада калса күлгөнүнө чейин туурап жаттык. Бир кезде арабыздагы Айнаш аттуу кыз:
- Кыздар, саатты карагылачы. Түн ортосу болуп калыптыр, эртең болсо экзамен беребиз. Жүргүлө өз бөлмөрүбүзгө тарайлы, - деп калды. Ошондо гана эртең баарыбызды сынак мөөнөтү(экзамен) күтүп жатканын сезгендей ордубуздан шашылыш туруп өзүбүздүн бөлмөлөргө жөнөмөй болдук. Айнаш болсо бизден мурун ашыга өз бөлмөсүнө жөнөгөн. Калгандарыбыз кашык-чыныларнбызды чогултуп жатканбыз. Бир маалда өң-алеттен кетип, жүзүндө жылуулук жок, кандын изи көрүнбөй ал жоо кугандай эле чуркап кирди. Эшикти бекем жаап, өпкө-өпкөсүнө батпай бат-баттан дем алып туруп калды. Эмне болуп кеткенин түшүнө бербеген биз аныи айланасынан чыкпай айланчыктап суроо жаадырдык; - Айнаш, эмне болду айтсаң, же бирөө? «бир нерсе кылдыбы? Бирок андан жооп болгон жок. Кан-сөлү кеткен Айнаш бир аз отуруп эс алган соң, мындай деди:
- Жаңы эле бул жерден чыгып өзүбүздүн бөлмөнү карай жөнөгөм. Экинчи кабатка түшө берүүчү тепкичке жакындаганымда он бир жаш чамасындагы мектеп формасын кийип, башына ак бантик тагынган окуучу кыз ошол тепкичте башын төмөн, каратып капалуу отурган экен. Жамандык оюмда жок жанынан өтүп баратып: - Ай кыз, түн жарымында эмне биерде турасың? Кимдин бөлмөсүнө келдиң эле? - деген сыяктуу суроолорду берип, жүзүнө тигиле бергенимде ал кыз башын жогору көтөрдү. Мына ошондо тулку боюмду майда калтырак басып, денем өзүмө баш ийбей калчылдап чыкты, Себеби жүзү актай кагаз бетиндей купкуу болуп, көздөрү адамдыкынан башкача жанып турган эле. Ал кыздан жооп болбогон соң, ылдый түшүп кетип бөлмөгө жеткенде, кайра бир нерсени эстеп жогору карай чыгууга аргасыз болдум. Бөлмөбүз тепкичке жакын жайгашкандыктан арадан саналуу мөнөт өткөн эле. Баягы кыз турган орунда карааны эмес, көлөкөсү да көрүнгөн жок. Ошол жерден өтүп кеткенче жүрөгүм бир башкача лакылдап кыйналып чыктым.
Анан баарыбызды ошол жерге ээрчитип барды да башын ылдый сала тепкичти көрсөттү: - Кыздар жанагы кыз бул жакта экен деп залды жаңырта кыйкырды. Топурап баарыбыз төмөн карай түшсөк ал кыз жок. Артыбызга кылчайбай түз эле биздин бөлмөгө жөнөдүк. Анан бир аз убакыт өткөн соң бири бирибзди түтүшүп атып араңдан зорго өз бөлмөлөрүбүзгө жөнөдүк. А биздин бөлмөдөгү кыздар болсо керебеттерибизди жакын жылдырып чогуу жатып алганбыз. Кирпигибиз кандай ирмелгенин билбейбиз.
Эртеси түндөгү окуяны агайыбызга айтсак, ал:
- Силерге жатаканын ээси көрүнгөн турбайбы. Силер андан коркпогула анын балдарга зыяны жок. Тескерисинче ар кандай кырсыктан сактап турат,-деди. Анан жатаканын ээси кандайса пайда болгонун айтып берди.
Көрсө мындан бир топ жыл мурун б.а союз урай элек мезгтлде бир кыздын боюна бүтүп калат. Убакыт өткөн сайын ичи чоңоюп ушак айың жүрө баштаган. Ал эми күндө келип турчу кең далылуу керемет жигити ар кайсы шылтоону айтып акыры изин суутуп тынат. Мына ошондо ызасына муунган кыз бөлмөсүндөгү кыздар кечечге кеткенде аларга ар кайсы шылтоо айтып кошулбай калып калат. Ал өлүмгө бел байлап муунуп алган. Ошол окуядан кийин жатакананын ээси пайда болгон дешет.
Булак: "Сырдуу Дүйнө"