www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептерде I чейрек 5-ноябрда аяктап, балдар 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин эс алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги эскертти.

Белгилей кетсек, 6-7-ноябрь ишемби, жекшембиге туура келет. Балдар ошондуктан 8-ноябрдан тарта каникулга чыгышат.

Ал эми 15-ноябрда II чейрек башталат.

Графикте кышкы жана жазгы каникулдарга өзгөртүү киргизилген.

Кышкы каникул 12 күн болот. Эс алуу 31-декабрдан 11-январга чейин созулуп, сабактар 12-январда башталат. Буга чейин 1-10-январь күндөрү деп айтылган.

Ал эми балдар жазында 10 күнгө тарайт. Каникул 21-марттан 30-мартка чейин болуп, cабактар 31-мартта башталат. Ага чейин 21-27-март күндөрү каникул болору айтылган.

1-класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир апталык каникул берилет.

2021-2022-окуу жылында менчигинин түрүнө карабай жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.

Эске салсак, быйыл Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости