www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лагерлерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана мыкты окуган окуучуларга  дене тарбия, таанып билүүчү, эстетикалык жана көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат. “Келечек” лагери да ушул максат менен түзүлгөн. Каникул учурунда балдар аталган лагерде эртеден кечке ар кандай интерактивдүү оюндарды ойноп, ийримдерге катышып күн кечирет. Окуучулардын көңүлдүү жана ыңгайлуу эс алуусу үчүн спорт аянтчалары иреттелип, атайын пландар иштелип чыккан. Бул жерде балдардын тамактануусу үчүн да шарттар түзүлгөн.

Бул жерде балдардын эс алуусу үчүн шарттар аябай жакшы. Лагердин жетекчиси жамааты менен балдардын келишине жакшы даярданышыптыр. Лагердин аймагы таза-тыкан. Жаңы Жатаканалар жаңырып, төшөнчүлөр жаңыланыптыр. Тамак-аш жасоочу бөлмөлөрү талапка жооп берет. Күн сайын ушул жерде ысык нан бышырылып, 3 маал ысык тамак берилет. Быйыл эс алуучулар жылдагыдан да көп

Жайкы лагерде мектеп окуучуларын активдүү жаран болууга шыктандырган “Дебат” ийримдери иштейт.Мында мектеп окуучулары катышып, критикалык ой жүгүртүү, жарандык баалулуктар жана активдүү жаран болуу жөнүндө үйрөнүшкөнүн бекемдейт. Окуучулар лидерлик жана команда менен иштөө боюнча сабактарды мультимедия технологиялардын жардамы менен оюндар, театр сыяктуу интерактивдик ыкмалар аркылуу өтүшөт. Сабактардын программасы кылдаттык менен иштелип чыккандыгы көрүнүп турат.

«NazarNews.kg»

 

Последние новости