www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлгөндөр көргө, Жекшеевдер төргө

Атамбаевдин кадрларынын сүлкүлдөп, түлкү кайрык менен күлтүлдөп жүргөнү Жыпар Жекшеев. Саясий тажырыйбасына карап Жекшеев Атамбаевдин кадры эмес, Атамбаев Жекшеевдин кадры болсо болмок. Жекшеев деген жер каймактагандагы Жекшеев эмеспи. Масалиевди оңкочаттырып Түгөлбай Сыдыкбеков менен Акаевге калпак кийгизген.

Депутат болом деп жүрүп жаш баланын убалына калды деп жүрүшөт. Ага атаандаш чыккан жаш бала мерт болгон, мүрзөсү томсоруп жол жээгинде калып, ата-энеси Жекшеевден көргөн бойдон сыздап калышкан. Жекшеев ал жигитти эстеп ары-бери өткөндө куран окутуп өтөрүн ким билет.

Арийне, Атамбаевдин куйругуна жамынып алып КТРКнын Байкоочулар Кеңешин бекем мыкчыган бойдон түшпөй келатат. Пенсия жашынан дыңылдап эбак өткөн Жекшеев өлмөйүн ал орундан кетпеси бышык.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости