www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олимпиада: Бийлик убадасын качан аткарат?

Өзбекстанда Олимпиада оюндарында алтын медаль уткан спортчуларга «Шевроле Тахо» унаасын, 200 миң доллар жана 3 бөлмөлүү батир белек кылышты. Ал эми коло медаль жеңген спортчуларга «Шевроле Трейлблейзер» унаасын, 50 миң доллар жана батир тапшырышты.

Өзбек спортчулары Олимпиада оюндарында жалпы 5 медалга ээ болушту. Алардын үчөө - алтын, экөө - коло медаль.

Казакстанда Олимпиада оюндарынын чемпионуна 250 миң доллар, күмүш медалдын ээсине 150 миң доллар жана коло медаль жеңген спортчуга 75 миң доллар убадалашкан.

Казак спортчулары Олимпиада оюндарында 8 коло медалга ээ болушту.

Ал эми, Моңголияда Олимпиада оюндарында байгелүү орунду ээлеген спортчуга өмүр бою ай сайын акча берилип турат. Тактап айтканда, алтын медаль уткан спортчуга 1400 доллар, күмүш медалдын ээсине 1050 доллар, коло медаль тагынган спортчу 700 доллар алып турат.

Моңгол спортчулары Олимпиада оюндарында бир күмүш, 3 коло медалга ээ болушту.

Тажик спортчулары Олимпиада оюндарында байгелүү орундарга ээ болушкан жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңүүчүсүнө 118 миң доллар, күмүш медаль уткан спортчулар 83 миң доллар менен сыйланса, коло медаль менен кайткан спортчу 59 миң доллар берилет. Кыргыз спортчулары Олимпиада оюндарында 2 күмүш, бир коло медалга ээ болушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости