www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туризм департаменти эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Кыргызстандын 3D панорамалык картасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.
Карта боюнча маалымат берүү көргөзмөсүнүн расмий ачылышы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин кинозалында 12-февралда саат 13:30да өтөт. Ага Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Немото Наоюки, ошондой эле Кыргызстандын туристтик ассоциациялары жана башка көптөгөн эл аралык жана жергиликтүү уюмдар катышат.
Ал эми ушул эле карта бардык каалоочулар үчүн 13-14-февралда саат 11:00дөн 17:00гө чейин көргөзүлөт.
Бул жогорку сапаттагы 3D-панорамалык материалдар Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоого жардам берет. Ошондой эле туристтердин саякатын мерчемдөө үчүн дестинацияларды (инфратүзүмдөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн) жакшы билип алуусуна көмөктөшөт.
Панорамалык карта Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA), Европа Биримдиги, Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү федералдык министрлиги (BMZ), ошондой эле Кыргызстандын Туризм ассоциациясы тарабынан каржыланган.
Карта менен ушул жактан таанышсаңыз болот:
Булак: NazarNews.kg