www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акин Токталиев:

Акин Токталиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорлук кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми Акин Токталиев кызматтан эмне себептен кеткенин түшүнбөй калганын айрым маалымат булактарына билдирди. 

“Эмне себеп болуп кеткенин өзүм да билбей, түшүнбөй калдым. Башка президент кызматтан бошотсо өз кишисин койду го деп түшүнөт элем. Мен бул президенттин өз кишиси болчумун да. Инаугурациянын алдында муфтиятка келип, мени тааныштырып, үй-бүлөлүк адвокатым деп айтты эле. Жардам беребиз деп мени мактап, жактап кеткен. Садыр Жапаровдун 10дой жактоочусу болгон. Анын ичинен эң жакыны мен болчумун. 10 жылдан бери жактоочусу болуп жүрөм. Өзү байланышка чыккан жок. Президенттик аппараттын башчысы мени чакырып алып, сиздин тагдырыңыз чечилип калды деп айтты. Мен бул кызматка жан талашып барган эмесмин”, – дейт Токталиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости