www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялзатын ур-токмокко алсаң, Бишкекке мэр болосуң

Балбак Түлөбаевдин жубайы алтын балык кармап алат экен, анан тилеген тилегин сурайт:

- Балбакты Ысык-Көлгө гүбүрнатыр кыл! - деп. Караса эле Балбак балбалаңдап Ысык-Көлгө гүбүрнатыр. Бир ай өтпөй октябрь башаламандыгы чыгып, Балбак Түлөбаевди көчүккө тээп кубалап чыгышат.

Балбак Түлөбаевдин жубайы экинчи тилеген тилегин сурайт:

- Балбакты Бишкекке мэр кыл! - деп. Караса эле Балбак балбалаңдап Бишкекке мэр. Эки ай өтпөй жаңы премьер Балбак Түлөбаевди көчүккө тээп кубалап чыгат.

Балбак Түлөбаев үйүнө келип буркурап ыйлайт:

- Сенин алтын балыгың 1-2 айга эле кызматка койот экен. Тигине аялзатын ур-токмокко алгандар ордумду тартып алды, - деп.

Балбак Түлөбаевдин жубайы үчүнчү тилеген тилегин сурайт:

- Балбакты Бишкекке мэр кыл! - деп. Караса эле Балбак аялзатына «кызыл камчы» Бишкек мэри Эрмекке окшоп аялзатын ур-токмокко алган мыкаачыга айланып, жубайын сабап кириптир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости