www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Керектөөчүлөрдү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана өнөр жай потенциалын көтөрүү боюнча чаралар талкууланды.

Ошондой эле энергокубаттуулукту генерациялоону арттыруу жана энергиянын кайра жаратуучу булактарын өнүктүрүү максатында азыркы жана алдыдагы мезгилде ата мекендик энергосистеманын иштөө режими, республиканын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Министр Кубанычбек Турдубаев жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу жана жалпы эле энергетика тармагы менен өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечеги боюнча милдеттердин ишке ашырылып жаткандыгын маалымдады.

Кубанычбек Турдубаев энергокызматтар өлкө керектөөчүлөрүн электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн иш жүргүзүүгө даярдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы республика калкын электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси өзгөчө маанилүү маселелердин бири экенин жана стратегиялык энергетикалык жабдуулардын ишин туруктуу сактоо атамекендик энергетика тармагынын ведомстволору менен чарбалык субъектилеринин биринчи кезекте көрүлө турган чарасы болуп саналарын баса белгиледи.

Садыр Жапаров жаңы энергетика кубаттуулуктарын ишке киргизүү, энергиянын кайра жаратуучу булактарынын потенциалын пайдалануу боюнча иштердин тез арада баштоо зарылдыгына токтолду.

Келечекте өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуунун жана бүтүндөй энергосистеманын рентабелдүүлүгүнө жетишүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоонун, республиканын өнөр жай потенциалын жогорулатуунун жана бул тармактарга кошумча инвестицияларды тартуунун зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости