www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан 1-марттан тарта бир катар өлкөлөр менен 10 күндүк визасыз режимди ишке киргизет. Бул тууралуу жарлыкка кечээ, 9-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, Өзбекстан Кытай жарандарына жана анын ичинде Гонконг, Макао админстративдик аймактарынын тургундарына карата 10 күндүк визасыз режимди ишке киргизет. Мындан сырткары, ушундай эле мүмкүнчүлүк Катар, Кувейт, Оман султанаты, Бахрейн өлкөлөрүнө да берилүүдө.

Визасыз режимдин шарты боюнча келе турган жарандар он күн ичинде кайра артка учуп кете турган билетин же үчүнчү өлкөгө чыга турган билетин көрсөтүүсү зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости