www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электрондук эсеп-фактура системасы киргизилгенден кийин республиканын бюджетине салык көбүрөөк түшүп, көмүскө экономиканын көлөмү кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

"Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызматтарга карата кошумча нарк салыгы 7101,7 миллион сомду түзгөн. Муну менен өткөн жылдын деңгээли 51 пайызга же болбосо 2,4 миллиард сомго жогору болду. Ал эми 2019-жылга салыштырмалуу деңгээли 18,4 пайызга же 1,1 миллиард сомго көп түштү", — деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын алты айында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген товарлардын импортунан түшкөн салыктын наркы 11 миллиард 391,3 миллион сомду түзгөн. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,1 миллиард сомго көп экени айтылды.

Эске салсак, Кыргызстанда 2020-жылдын 1-июлунан тартып "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасы ишке киргизилген. Өкмөттүн 2020-жылдын 19-июнундагы токтомуна ылайык, бардык салык төлөөчүлөр жана товарларды ташып келүү жана экспорттоо менен алектенген субъектилер электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө колдоно башташкан.

Ушул жылдын 6-июлуна карата электрондук эсеп-фактураларды пайдалануучулардын саны 14 миң 77 салык төлөөчүнү түзгөнү кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости