www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө күйүүчү май бир айда 11,5 пайызга кымбаттады

Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баалары бир айда 11,5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

11-мартка карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензин орто эсеп менен 42,63 сомду түзүп, өткөн жылдын февраль айынын ушул күнүнө салыштырмалуу 11,5 пайызга өскөн. Ал эми дизель майынын баасы 40,87 сомду түзүп 7,2 пайызга жогорулаган.

Ошол эле учурда АИ-92 бензинине чекене баасы орточо республикалык көрсөткүчтөн Баткен (бир литр үчүн 47,12 сом), Исфана (47 сом), Кербен (44,37 сом), Ноокат (43,80 сом), Ош (43,43 сом), Кара-Суу (43,20 сом), Өзгөн (42,90 сом), Жалал-Абад (43 сом) шаарларында жогору болуп турат.

Ал эми минималдуу баалар Кара-Балта шаарында (бир литр үчүн 40,83 сом), Покровка айылында (40,90 сом) жана Нарын шаарында (41 сом) катталды.

Дизель майы дагы өлкөнүн ошол эле түштүк аймагында орточо көрсөткүчтөн кымбатыраак сатылып жатат. Мындагы айдоочулар дизель майын 41,20 сомдон тарта 46,10 сомго чейин алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости