www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-октябрь 2020 жылы өткөн «улуттук диалог» тегерек столунун катышуучуларынын резолюциясы.

Өлкөдөгү саясий абал барган сайын өтө кооптуу абалга баратат. Жаңы бийлик Парламенттин колдоосу менен шайлоону кийинкиге жылдырып, Конституциялык реформаны баштоого ниеттенип жатса, экинчи тарап шайлоону 20-декарбь 2020-жылы өткөрүп, андан кийин реформаны өткөрүүнү айтып, түрдүү акциялар менен чыга баштады.

Мындан тышкары, кээ бир саясатчылар, партиянын жетекчилери “Конституцияны реформа кылуу жана Парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча кабыл алынган мыйзам туура эмес алынып, Конституция одоно бузулуп жатат” деген пикирди карманышып, жаны келген бийликти сындашууда...

Жогорку Кеңештин мөөнөтүнүн бүтүп жатканы дагы коомчулуктун ичинде кызуу талаш-тартышты жаратууда.  Дагы да көйгөйлүү темалар коомчулуктун арасында көбөйүп, түрдүү талкууларга жем таштап жатат.

Мына ушундай кырдаалда жаңы өкмөттүн өкүлүнүн катышуусу менен коомдогу прогрессивдуу күчтөр, саясатчылар, саясий  партиянын жетекчилери, элге башы көрүнгөн инсандар чогулуп, түзүлгөн бул саясий абалды талкуулап, ага баа берип, бул абалдан чыгуунун жолдорун издөөгө аракет кылышууда.

Өлкөдөгү орун алган татаал маселелер талкуу, кеңешүү жолу менен гана жолго салынышы керек экендиги учурдун талабы.

Жаңы бийликке азырынча элдин ишеними болгондугуна байланыштуу убакытты өткөрбөй, коомдогу бышып жетилген иштерди чечкиндүүлүк менен аткарууну азыркы кырдаал талап кылууда.

Улуттук диалогко катышкандардын айткан сөздөрүн жана сунуштарын эске алып, толуктоолор жана алымча-колумчалар менен «Улуттук диалог» тегерек столунун катышуучулары жаңы бийликке төмөндөгүдөй өтүнүч менен кайрылат.

Өтүнүч:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтү өлкөнү турукташтыруу үчүн жетиштүү аракеттерди көрүп, бардык иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарын негизинде алып баруусун.

2. Өлкөнүн жетекчилигинен Конституциялык реформаны эртерээк баштап, башкаруу системасын аныктап, Конституциялык кеңешме түзүп, ага өлкөгө белгилүү адамдарды, Конституцияга тиешелүү адистерди тартып, Конституциянын долбоору ачык талкуунун негизинде иштелип чыгышын.

Конституциялык Кеңешмеге 31-октябрда өткөн улуттук диалогдун катышуучуларынын атынан белгилүү коомдук ишмерлер жана саясий эксперттер Турсунбек Акун, Шамшыбек Медетбеков, Кемел Ашыралиев, Таалай Жумадылов, Бейшенбек Абдразаковдун мүчө болуп кирүүсүн.

3.2020-жылдын 5-6 октябрында болгон элдик көтөрүлүштүн талаптары аткарылып, жаңы бийликтин ишине коомчулук тарабынан түшүнүү менен мамиле кылынып, айтылган убадаларды аткаруусу үчүн тиешелүү мүмкүнчүлүк берүүнү.

4. Улуттук диалогко катышкан коомчулуктун өкүлдөрү өлкөдөгү абалды турукташтыруу максатында өлкөнүн жаңы жетекчилигине колдоо көрсөтүү менен бирге, жаңы бийлик коомдогу бардык саясий күчтөр менен талкуу уюштуруп, жалпы улуттук консенсус табууга аракеттерди көрүүсүн.

5. Өлкөнүн жетекчилигине кайрылып, негизсиз камакта жаткан генерал Курсан Асановдун боштондукка чыгышын жана Атамбаевдин убагында саясий куугунтукка кабылып соттолушкан саясатчылардын толук акталышын.

6. Өлкөдөгү сот бийлигинин эркиндигин жана көз каранды эместигин камсыз кылуу боюнча чечкиндүү аракеттер көрүлүүсүн.

7. Өкмөт 2020-жылдын 14-октябрдагы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын паспорттогу улуту графасы боюнча чечими тез аранын ичинде аткарылышын.

8.  Жаңы өкмөттүн кризиске каршы планды иштеп чыгуусун.

9. Конституциялык реформа жүргүзүүнүн алкагында Улуттук улуу Курултай институтун жаңы Конституцияга киргизүүнү.

Резолюция 31-октябрь 2020-жылы өткөн “Улуттук диалог” тегерек столунун катышуучулары тарабынан ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости