www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир ырчынын күйөрманы үчүн сүйүктүү ырчысы тууралуу көбүрөөк билүү абдан маанилүү. Ал эми биз бул жагынан сиздерге жардам бере алабыз. Бүгүн, биз ырчы Омар тууралуу эл билбеген кызыктар тууралуу кеп кылабыз.

Фобиям

Пенде болгон соң эң алгач Жараткандан корком. Андан башка корко турган эч нерсем деле жок. Бирок, курт-кумурска, жыланды көргөндө бир аз коркунуч пайда болот.

 Билимим

Мектепти №5 гимназияда окудум. 9-классты бүткөн соң Финансылык техникумга тапшыргам. Орто окуу жайды бүткөндөн кийин КУУну бүтүрдүм. Азыркы тапта “Ата-Түрк” университетинде аспирантурада билим алып жатам.

Мүнөзүм

Ар бир мырзада кайраттуулук, адамгерчилик жана айкөлдүк сапат болушу керек деп эсептейм. Мына ушул сапаттар менде да болушу үчүн абдан аракет кылам. Жашоодо өзүмдү токтоо алып жүрүүнү жактырам. Ал эми айымдардан мээримдүү, назик мүнөздүү кыздар жагат.

Китебим

Кайсы бир жазуучулардын чыгармаларын окуганга караганда Куранды көбүрөөк окуйм. Хадистерди окуганды абдан жактырам.

Эс алуум

Бош убакытым болгондо үй-бүлөм менен шаардан сырткары чыгып, эс алганды жактырам. Жаратылышка жан дүйнөм абдан жакын. Этти маринаддап алып, шашлык жасап эс алганга эч нерсе жетпейт го...

Адат

Ар бир адамда арыла албай жүргөн сөзсүз бир адаты бар болот деп ишенем. Мен абдан жалкоомун. Мына ушул адатымдан көп убакыттан бери арыла албай келем. Душманым деп айтсам да жаңылбайм. Себеби, бул сапатым мени көп жерден артка тартып коёт.

Өлкө

Чыгармачылыктын аркасы менен эл көрбөгөн жерди көрүп жүргөнүмө шүгүр кылам. Бир топ мамлекетте жана шаарларда мейман болдум. Мага баарынан Мекке шаары абдан жакты. Эгер дагы бир мүмкүнчүлүгүм болуп калса Меккеге жана мен көрө элек Япония, Бразилия, Колумбияга бармакмын.  

Той

Азыр мени көргөн тааныш, туугандардын баардыгы талкуу кыла турган ушул сөз. Үйлөнсөм жакшы болот эле... Бирок, убакыт-сааты келмейинче эч нерсе буюрбайт экен. Мен дагы кыялымдагы музаны күтүп, үйлөнүү тууралуу ойлонуп жүрөм. Той боло турган болсо сиздерге кабарлайм.

Спорт

Спорт менен алек болгон абдан жагат. Ден-соолугум бекем болуп, денебизди бир калыпта кармоо үчүн спорт менен сөзсүз машыгыбыз керек. Мен сүйгөн спорттун түрү- футбол. Ар жума сайын достор менен жолугушуп, футбол ойногонду жактырам. Картайганда да неберелерим менен футбол ойнойм деген аруу тилектерим бар. Жараткан ишке ашырсын дейм.

Тамак

Жашоодо тамак тандап жегенди жактырбайм. Үйдө да эмне болсо ошону жей берем. Ашкана жаатында капризим жок. Бирок, тамактардын арасынан сүйүп жегеним манты жана лагман.  

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости