www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун Омикрон-штаммынын бардык белгилери бар болсо дагы ПЧР-анализдин жыйынтыгы терс болсо, бул анализ туура эмес алынгандыгын билдирет.

Бул тууралуу COVID-19 боюнча атайын Республикалык штаб жазды.

Маалыматта адамда аталган илдеттин бардык белгилери бар болсо дагы ПЧР-анализ терс жыйынтык менен чыкса, анда анализ туура эмес алынган, же материал жетиштүү көлөмдө алынган эмес, же туура эмес учурда алынганын билдирери жазылган.

Ошондой эле, Омикрон-штаммы мурун көңдөйүнөн өтө тез кетип калышы мүмкүн экени жана андай учурда да тест аркылуу аныкталбай калары айтылган. Бирок адам ошол эле учурда ооруп жана илдетти башкаларга жугузушу мүмкүн.

Ошондуктан беткап тагынуу, аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу жана коронавирустун алгачкы белгилери байкалганда обочолонуу маанилүү. Оору жеңил өткөн шартта үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алып, үйдөн дарыланууга болот.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын белгилери курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын жана сасык тумоонун белгилерине окшоштугун эстен чыгарбоо кажет. Омикрон-штаммда мурундун бүтүшү, тамак оору, дене табынын бир аз көтөрүлүшү, дененин талыкшып оорусу байкалат, бул курч респиратордук жугуштуу инфекцияларга да мүнөздүү.

Буга чейин, адистер көз чылпактап, белдин оорусу да аталган штаммдын белгилерине кирерин маалымдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости