www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун Жал айылында Өмүрбек Бабановдун тууганынын ат сарайы өрттөндү. Башка маалыматтарга караганда, ат сарай Өмүрбек Бабановдун өзүнө таандык. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда социалдык тармактын колдонуучулары жазды.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы 4-февралда саат 13:45 чамасында «Траст KG» жабык акционердик коомуна таандык сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнүн билдирген. Өрт саат 18:40та толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМдин маалыматына караганда, сарайдын 700 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Траст KG» жабык акционердик коомунун жетекчиси болуп Мырзабаев Жаныбек Сагадылдаевич саналат. Ал «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын дагы ээлейт.

Ачык булактардагы маалыматка караганда, Мырзабаев - Өмүрбек Бабановдун жээни.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости