www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев элчилик кызматтан баш тарттыбы?

«Ата-Мекен» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев Бельгияга элчи болуп дайындалат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаевдин маалымат катчысы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Текебаевдин Кыргыз Республикасынын Белгиядагы элчиси болуп дайындалат деген маалыматты Президенттин аппарат кызматына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыккан.

Ал эми саясатчынын тараткан билдирүүсүнө ылайык, ал маалыматтты белгилүү сайттардын бири тараткан.

Маалым болгондой, мурдагы бийлик Өмүрбек Текебаевге элчилик кызматты сунуштаган, бирок, саясатчы ал кызматтан баш тарткан.

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоого өз партиясынын тизмесин баштап келип шайланып, фракция лидери болуп турган.

2017-жылы ал «Мегаком иши» боюнча сот жообуна тартылганда мандатынан ажыратылган. Анын ордуна Искендер Гаипкулов депутат болуп келген.

2020-жылы Жогорку сот «Мегаком ишин» жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөткөндөн кийин «Ата-Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен БШКга арыз жазган. БШК арызды 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырган.

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегаком иши» боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Эки саясатчы тең аларга козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши 1,5 жылдан бери кайра каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости