www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев элчи болуудан айнып кеттиби?

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматы тууралуу маселе карала элек. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына ким талапкер экендиги тууралуу маалымат бере элек.

«Мен Өмүрбек Текебаев тууралуу окугам, бирок бизге ал тууралуу маалымат келе элек», - деди Икрамов.

Эске салсак, буга чейин Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына дайындалат деген маалымат пайда болгон. Текебаев өзү бул боюнча үн катпай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости