www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев Кумтөр кенинин айланасындагы иштерге байланыштуу 28-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди.
“Тергөөчү 2012-жылы жана 2017-жылдагы окуялар боюнча сурады. Мен көргөн-билгенимди айтып бердим. Парламентте 2012-жылы Кумтөрдү иликтеген депутаттык комиссиянын ишин талкуулоо, Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча токтомдорду кабыл алуунун жагдайлары тууралуу сөз болду. 2017-жылы мөңгүлөрдүн тагдырын чечкен Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы боюнча да суроолор берилди”,- деди саясатчы.
УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалып, эки айга камалган.
2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев да эки айга камалган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да кармалды. Баарына тең Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.
Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.
Булак: NazarNews.kg