www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мажоритардык бир мандаттуу шайлоо системасы конфликттик потенциалды күчөтөт. Мындай пикирди саясатчы Өмүрбек Текебаев билдирди. 

--"Шайлоо системасы өлкөнүн тарыхын, бүгүнкү саясий кырдаалын, элдин алдында турган проблемаларын, анын чечүү жолдорун, эң негизгиси, мамлекет алдына койгон стратегиялык планын эске алуу менен тандалып алынышы керек.

Шайлоо системасы шайлоолор адилет, эркин, таза, мыйзамдуу өтүшүн камсыз кылышы шарт. Ушул талаптар аткарылбагандан улам 2020-жылы октябрда кезектеги элдик көтөрүлүш болуп, аягы октябрь революциясы менен бүттү.

Бүгүн Жогорку Кеңеш талкуулап жаткан аралаш шайлоо системасы бул маселелерди чече албайт. Мисалы, мажоритардык шайлоо системасы көпчүлүк принцибине негизделген шайлоо системасы. 50% плюс 1 добуш алган партия же талапкер мандатты алып, 50% минус 1 добуш алган партия же талапкер куру жалак калат. Элдин жарымы бул округдагы шайлоо жыйынтыгына канааттанбайт дегенди билдирет.

Ошондуктан, бул шайлоо системасы адилеттүү эмес шайлоо системасы деп эсептелинет. Анын үстүнө Жогорку Кеңеште каралып жаткан Долбоордо шайлоо бир тур менен өтөт деп жазылыптыр. Бул шайлоону ого бетер адилетсиз кылып жиберет. Мисалы: округдан 20 талапкер чыксын дейли, алар орто эсеп менен 4-6% добуш алышат. Демек, 7% добуш алган кандидат депутат болот. 93% добуш берген шайлоочулар куру жалак калышат. Бул учурда “мажоритардык-көпчүлүк” деген принцип да бузулуп жатат. Эл шайлоонун жыйынтыгына ынанбай конфликттик потенциал күчөйт", - дейт Текебаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости