www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов өкмөткө караштуу Финансылык чалгын кызматынын коммерциялык банктардагы уячалар жана эсептер боюнча маалыматты алуу аракетин чыккынчылыкка теңеди. Бул тууралуу Өмүркулов парламентте “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну талкулоо маалында билдирди.

Өмүркулов “Коопсуз шаар” долбоорунун айланасындагы акыркы жылдардагы абал өлкөгө келүүнү каалаган инвесторлорду качырып жатканын айтып, Финансылык чалгын кызматынын кийинки күндөрдөгү аракети буга мисал болгонун белгиледи.

- Кечээ күнү Финансылык чалгын кызматы бардык банктарга кат жазып жибериптир, ушундай кийин келем деп аткан инвестор да эми келеби? Ошондой адистин өлкөгө, мамлекетке кереги барбы? Ал чыккынчы. Мыйзамды билбейт, бүгүнкү шартты билбейт. Ар бир адис эртең менен тура калып эле ушинте берсе эмне болобуз? - деди Өмүркулов.

Буга чейин Интернетке Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаевдин "өтө маанилүү" деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.

Документте "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

Бирок банк тармагы боюнча экcперттер Финчалгындоо кызматынын талабын мыйзамсыз экенин айтып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости