www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтегенде Рысбай акенин «Сагынуу» деген ырын Назар аке бурмалап ырдаган экен:

Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,

Байкоосуздан мен бийликке кабылгам.

Бүт эркимди ээлеп алып чоң кызмат,

Жапаровдун этегине жамынгам.

Азыр мен да дале ойлоп жатамын,

Ошол кызмат бүткөн өңдүү канымдан.

 

Жымыңдашып жанып өчүп чырактар,

Али эсимде бийлигим бар убактар.

Стакандын кагышканын тыңшачу,

Алыс  калды Ак үй жыттуу курактар.

Чертчү эле Мамытов дос чекеден,

Миң кайталап мас болгондо суратпай.

 

Таппай такыр кызматымдын айласын,

Жапаровдун көрбөй эми пайдасын.

Мурункудай бергим келбейт чертүүгө,

Ооруп кетет эми болсо, ай башым.

Ар  убакта жолукчу элек Ак үйдөн,

Айтчы деги, Талант Мамытов кайдасың?

 

Карай берип канча жолу камыктым,

Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың.

Оо, кызматым келчи эрте жаныма,

Издей берип бүт денемди талыттың.

Кайрый албай мансабымды, оо кудай,

Каламынбы таманында тарыхтын.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости