www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандагы ооган качкындары 5-сентябрда тажик президенти Эмомали Рахмонго кат жазып, күч менен мекенге депортациялоо жараянын токтотууну өтүнүштү.
"Көптөгөн оогандар аман калуу жана балдарына келечек тартуулоо үчүн өз үйүн жана өз мекенин таштап кетүүгө аргасыз болушту. Алар жер шарынын ар кыл бурчунда тентип жүрүшөт", - деп жазылган фарси, орус жана англис тилинде жазылган катта.
Тажикстандын бийлиги катты алган-албаганын билдирген жок.
Президенттин атына жазылган катта айрым ооган качкындары үчүнчү өлкөгө чыгуу үчүн виза алуу процессинде экенин белгилешкен.
"Тынч Тажикстанда күнүмдүк жашообузду улантуу жана качкындарды кабыл алган үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү мүмкүндүгүбүз болушу үчүн ооган качкындарын күч менен кайтаруу жараянын токтотууну өтүнөбүз. Балдарыбыз жогорку билим алып, өз балдары үчүн жаркын келечек түзүшсүн", - деп жазган качкындар.
"Озоди" радиосунун ишенимдүү булагы 5-сентябрда акыркы күндөрү Тажикстандан 100дөн ашуун ооган качкыны чыгарылганын кабарлаган.
"Ишембиде эле 22 киши чыгарылды. Бийлик ооган качкындары эмне себептен депортацияланып жатканы жөнүндө эч кандай маалымат берген жок. Алар бизден өлкөдөн чыгарылган оогандардын аты-жөнүн жана жалпы статистиканы жашырып жатышат", -деген өз булак.
Маалыматтарга караганда, ооган качкындарын милиция кызматкерлери жана коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап, чек арага жеткирип, ал жактан Ооганстанга жөнөтүп жатышат.
Булак: NazarNews.kg