www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу коомчулукта бир топ талашка түштү.
Сентябрдан тарта мектеп окуучуларына диндердин өнүгүү тарыхы сабагы окутула баштайт.
Адегенде жаңы предмет 9-класстарга киргизилсе, кийинки жылдан тарта 7-8-класстарга кошулат. Сабакты теологдор, тарых мугалимдери өтүшөт.
Дин таануучулар бул предметти башка даистер окутуп жатканын айтып чыгышты. Алар окуучуларга дин жаатында туура эмес багыттагы билим берилип калуусу ыктымал деп тынчсызданышууда.
Ал эми бул боюнча тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөев өзүнүн пикирин билдирди.
«Бул жерде эки маселе жаралууда:
Биринчиси бул – кадрлар, мугалимдер даярбы? Экеничиси, окуу китептери жеткиликтүүбү?
Белгилеп кетчү жагдай, тегологияны бүтүргөндөр мурдагы система менен алганда педагогикалык билими жок. Аларда педагогикалык бөлүмдү бүткөн адистердей жеткиликтүү саатта билим бере албашы мүмкүн. Ал эми тарыхчылар болсо педагогикалык билимге ээ жана алар мамлекетттик сынак тапшырган. Тарыхчылар диндин келип чыгуу тарыхын билиши мүмкүн бирок, ар бир диндин ичиндеги негизги мазмуунун деталдуу түрдө билбейт. Анткени, тарыхчылар дин таануучу эмесп. Эми бул жерде дин таанучу менен теологдун да айырмасы бар.
Негизинен бул сабакты окутуу президенттин сунушу эмес. Бул маселе президентке теологдор тарабынан сунушталган. Ал колдоо табып, сабак катары киргизилгенде теологдор өздөрү четке чыгып калып, сабакты дин таануучу менен тарыхчы алып жатат. Бул албетте алар да нааразычылыкты жаратууда. Ошондуктан, бул сабакты дин таануучу деген билими барлар бериши керек. Эгер андайлар жок болсо, аларды даярдап алып, андан соң гана бул ишке киришиш керек болчу», - деди Бөтөнөев.
Булак: NazarNews.kg