www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Борбордук аскердик округунун авиациясы Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасындагы машыгууларга катышат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ага Кыргызстандын Кант шаарындагы орус аскердик базасынан Су-25СМ учактары жөнөтүлөт. Алар жашыруун базаларды аныктап, жок кылуу жана аба соккуларынан коргонуу машыгууларын аткарат.

Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык, биргелешкен аскердик иш-чара Термез полигонунда 30-июлдан 10-августка чейин өтөт. Ага 1500 жоокер, 200гө жакын техника катышат.

Бул машыгуулар Ооганстандын түндүк тарабында талиптер өкмөткө каршы соккуларды күчөтүп, бир канча аймактарды басып алган учурда уюштурулууда.

Тажик өкмөтү да Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам армиянын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн 22-июлда калайман машыгуу баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости