www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда аял бирөөнүн менчиги эмес жана күч менен күйөөгө берилбеши керек. Бул тууралуу "Талибан"* кыймылынын лидери Хайбатулла Ахундзаданын жарлыгында жазылганын РИА Новости маалымдады.

Билдирмеге караганда, талибдердин башчысы уюм, дин өкүлдөрүнө жана старшиналарга аялдардын укугун камсыз кылуу боюнча олуттуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Документке ылайык, никеге туруш үчүн аял тараптын макулдугу керек жана аны бир дагы адам күчкө салып же коркутуу менен күйөөгө бере албайт.

"Аял бирөөнүн менчиги эмес. Бир дагы адам тынчтык келишимин түзүү үчүн аны бирөөгө бере албайт", — деп жазылган жарлыкта.

Мындан тышкары, жолдошу каза болгонуна төрт ай болмоюн бир дагы адам, анын ичинде туугандары да ага үйлөнө албай турганы айтылган.

"Жарлыкта көп аялдуулук тууралуу да жазылган. Шарияттын мыйзамына ылайык, эркек бардык аялына бирдей укук берүүгө милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.

Хадж жана дин иштери боюнча министрликке аялдардын укугу боюнча маалымат таратуу тапшырмасы берилгени кошумчаланды.

* — Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости