www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Кытайда өтө турган кышкы Олимп оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялады. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди.
Анын айтымында, ошол эле маалда америкалык спортчулар Олимп оюндарына катыша алат.
"Кытайдын Шинжаңдагы геноцидин, ошондой эле адам укуктарын бузган башка аракеттерин эске алуу менен Байдендин администрациясы Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык же расмий делегация жөнөтпөйт", - деди Псаки Ак үйдөгү брифинг маалында.
Буга чейин Кытайдагы Олимп оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялоо ыктымалдыгы тууралуу президент Жо Байден да билдирген. Ал буга себеп катары Шинжаңдагы уйгурлардын кысымга кабылып жатканынан тышкары Тибет менен Гонконгдогу адам укуктарынын бузулушун да атаган.
АКШнын бул демилгесин Австралия колдогон. Бирок азырынча бул өлкө дипломатиялык бойкот тууралуу чечим кабыл ала элек.
Бээжиндеги кышкы Олимп оюндары 2022-жылы 4-февралдан 20-февралга чейин өтөт.
АКШ акыркы жолу 1980-жылы Москвада өткөн Олимп оюндарына толугу менен бойкот жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg