www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байдендин Орусиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүсүн утурлай Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөнү маалым болду.

Зеленский Twitter баракчасына жазгандай, Блинкен Орусияга украин чек арасын бузбоо тууралуу олуттуу эскертүү берилерин айтты.

“Биргелешкен жана макулдашылган аракеттерди уланта берүүнү сүйлөштүк. АКШнын стратегиялык өнөктөштөрүнө жана союздаштарына биздин эгемендикти жана аймактык бүтүндүгүбүздү колдоп жатканы үчүн ыраазымын”, - деп жазды Зеленский.

Бүгүн 7-декабрда Байден менен Путин кызматташтыкты видеобайланыш аркылуу талкуулаганы жатышат жана анда негизги темалардын бири Орусиянын аскердик кийлигишүүсү, Украинанын НАТОго кошулуу аракети болот.

Кошмо Штаттар эгер орус бийлиги Украинага каршы аскердик агрессиясын токтотпосо “олуттуу чыгым тартарын” буга чейин эскерткен.

Орусия Украинанын НАТОго кириши же альянстын Украинада аскер базасын орнотушу Орусия үчүн "кызыл чек" болорун айткан.

Украина орус-украин чек арасында Орусиянын 94 миң аскери турганын маалымдап жатат.

АКШнын чалгын кызматы чек арадагы аскерлердин саны 74 миң экенин, кийинчерээк 175 миңге чейин жетиши ыктымалдыгын кабарлады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости