www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Омикрон" штаммы коронавируска каршы тирүүлөй вакцина болуп бериши мүмкүн. Мындай пикирин Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, вирусолог, профессор Петр Чумаков маегинде айтканын URA.RU жазды.

"Жаратылыш коронавируска каршы тирүүлөй вакцина берди деген оптимисттик прогноздор болуп жатат. Тагыраак айтканда, бул штаммды жуктуруп, сакайган кишилер COVID-19дун башка штаммдарына туруштук берет", — деди адис.

Ошондой эле Чумаков "омикрон" башка штаммдарды сүрүп чыгара алар-албасы азырынча белгисиз экенин айтып, ошол эле учурда адам баласы локдаундар тууралуу унутса болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Ошол эле учурда россиялык окумуштуулар бул штамм башкаларынан алсыз экенин айтып, пандемияны жыйынтыктоочу варианты болуп каларын дагы божомолдоп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости