www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Семеру жанар тоосу атылып, 22 киши көз жумду

Индонезиянын Ява аралындагы Семеру жанар тоосу атылып, 22 киши көз жумду. Отуз чакты адамдын дайыны белгисиз.

Куткаруу иштери аба ырайынын начарлашына байланыштуу бир аз убакытка токтоп турду. Күн ачылгандан кийин куткаруучулар 13 жашар өспүрүмдүн сөөгүн казып чыкты. Ооруканага 56 адам жаткырылды.

4-декабрда жанар тоо атылганда, күл менен газ 15 миң метр бийиктикке көтөрүлүп жакынкы кыштактарды каптаган. Үч миңдей турак-жай, мектеп, жол, көпүрөлөр жабыркады.

Семеру Индонезиядагы 120дан ашуун активдүү вулкандардын бири. Акыркы жолу январда атылган, адам өлүмү болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости