www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сурхандарыя облусунун Денау шаарындагы “Инденим” соода борборунда 7-декабрда таңкы саат 3:57де жардыруу болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жардыруудан соң өрт чыгып, тогуз адам жабыркаган. Алар шаардык орруканага жеткирилген.

Жарылуудан улам соода борборунун дубалдары урап түшкөн. Окуя болгон жерге саат 04:02де өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар барып, саат 04:25те өрттү өчүргөн.

Окуя болгон жерге Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Ачилбай Раматов жетектеген өкмөттүк комиссия келген.

Учурда бул факты боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости