www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан» бийлиги АКШны Кабулдагы элчилигин кайра ачып, дипломаттарын кайтарууга чакырды. Ооганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки америкалык бизнеске өлкөнүн кен байлыктарын иштетүүгө, жол курууга жана гидроэнергетика тармагына инвестиция салууга сунуш киргизди.

Ошол эле учурда Кабул чет элдик аскерлердин Ооганстанга кайра келишине жол берилбей турганын баса белгиледи.

Ооганстан литий, жез, темир рудасы жана сейрек кездешүүчү металлдардын ири запастарына ээ. Бирок АКШ менен мамилени толук нормалдаштырууга «Талибандын» ички саясаты жана аялдардын укуктарына коюлган чектөөлөр тоскоол болууда.

Последние новости