www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 18-августта Ош шаарындагы «Эмаком» компаниясы курган турак жай комплексинин жашоочулары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.
Маалыматка караганда, 12 кабаттуу үйдүн курулушу аяктаганы менен, объектти пайдаланууга кабыл алуу боюнча шайкештик актысы алынбай, жашоочулар бир катар кыйынчылыктарга туш болушкан. Анын ичинде коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр коммерциялык тариф менен жүргүзүлүп, газ менен камсыздоодо да көйгөйлөр жаралган.
Министр маселени жеринен карап чыгып, тиешелүү башкармалыктарга көйгөйдү мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырма берген.
Анын тапшырмасынан кийин, 19-августта Ош шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан турак жай комплексин пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы берилди.
Ошондой эле Нурдан Орунтаев министрликти жетектеп баштаган учурда мыйзамсыз курулган көп кабаттуу объектилердин саны 200гө жакын болгонун, учурда алардын саны 10го жакын калганын билдирди.