www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бюджетинин дээрлик 40 пайызын жумшап, Ооганстан чоң согушка даярданып жатат. Азыркы убактагы Палестинадагы оор кырдаалдардан улам Пакистандан куулуп жаткан 1,8 миллион оогандыктар тууралуу сөз болбой турат. Оогандыктар СССР менен жоолашып жаткан убакта көптөгөн качкындар Пакистанга барып топтолгон. Ал жерден алар отурукташып, азыркы мезгилге чейин Пакистанга жагып турган.
Көпчүлүгү пуштундар түзгөн бул качкындар оогандык оппозициянын тиреги болуп келген. 2021-жылы ооган президенти Ашраф Ганини кубалап чыгып талибандар бийликке келет. Ошондон баштап пакистандык талибдер Пакистандык бийликке каршы согуш жарыялаган. Буларга ооган тарап колдоо көрсөтүп турат. Ошондон улам пакистандык аскерлер оогандыктарды өз аймагынан депортациялап жатат.
Ооганстанда талибдер бийликке келгенден баштап Тажикстан аларга каршы чыгып келатат. Мунун чоң себеби Ооганстандагы тажиктер бул жерде 10 миллиондон 14 миллионго чейин жетип, 38 пайызды алган пуштундардан кийин 34 пайыз менен экинчи орунда келатат. Тажикстандагы тажиктерден оогандык тажиктер көптүк кылат. Тажиктер азыркы бийликке каршы. Эгер Душанбе Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүнү токтотпосо, талибдер Тажикстанды бир жуманын ичинде басып алышы мүмкүн. Бул тууралуу "Талибан" кыймылынын жогорку даражадагы командирлеринин бири мулла Мохаммад Жан Хамза билдиргенин "Хашт-е собх" ооган гезити жазган. Мүмкүн оогандыктардын мактанып айтып жатканыдыр.
Оогандын калкы
Тажиктер түндүк-чыгыш жана батыш провинцияларда Балх, Тахар, Бадахшан, Парван, Панджшер, Каписа, Баглан, Гор, Бадгис, Гератта көпчүлүктү түзүшөт. Андан тышкары: Нуристан, Нангархар, Хост, Забуль провинцияларында да кездешет. Хорасандык иран калкы VIII жана IX кылымдарда «тажик» болуп бириге башташкан. Өзбекстанда тажик эли согди калкынан, Ооганстандагылар бактрийлерден түзүлгөн. Саманиддердин мамлекети учурунда тажиктер биригишкен.Ооганстандагы тажиктер провинцияларда төмөнкүдөй бөлүнгөн:
• 1) Панджшер — 100 %
• 2) Парван — 82 %
• 3) Каписа — 81 %
• 4) Баглан — 80 %
• 5) Бадахшан — 80 %
• 6) Тахар — 78 %
• 7) Балх — 73 %
• 8) Саманган −72 %
• 9) Герат — 70 %
• 10) Кундуз — 61 %
• 11) Гор — 60 %
• 12) Бадгис — 60 %
• 13) Сари-Пуль — 58 %
• 14) Кабул — 45 %
• 15) Бомиан — 40 %
Калктын эсебин алуу жок болгондуктан болжол менен калктын пайызы мындай:
пуштундар — 38,4 %,
тажиктер — 34,7 %,
хазарейлер — 8,0 %,
өзбектер — 8,0 %,
аймактар — 4,1 %,
түркмөндөр — 3,3 %,
жана башкалар
Оогандык тажиктер
Эскерте кетүү керек азыркы бийлик менен Тажикстандын бийлиги чек араны такташып, чыр чатактар болбоо үчүн аракет кылып жатышат. Мурун болгон чыр-чатактарга оогандык тажиктер чыр-чатакка аралашып жатканы белгилүү болгон. Кыргызстанга Ооганстандан Рахмонго жардам берүү үчүн келген талибдер эмес, Тажикстанда отурукташып калган Ооганстандын тажиктери аралашкан. Эмне үчүн Тажикстан Кыргызстанга жасаган агрессиясында атайын террористтерди жалдады? Эмнеге жооптуу кызматтагылары баш болуп, жалган маалымат таркатышкан? Бул согушкерлер Ооганстандан Эмомали Рахмонго жардам берүү үчүн келген талибдер эмес, былтыр талибдерден Тажикстанга, алардын лидери Ахмад Масуд баштаган уят-сыйыт менен качып, ошол жерде отурукташып калган Ооганстандын тажиктери. Алар орус тилин билишпейт,
Тажикстандын Ооганстандагыга караганда заманбап жашоого ыңгайлашуусу жок, ошондуктан Кыргызстанга каршы согуштук аракеттерге жана талап-тоноочулукка катышып, Рахмондун "меймандостугуна" ушинтип төлөп жатышкан.
Чек ара тилкелерибизде атышуулар жана согуштук аракеттер убагында болуп жаткан. Тажикстан менен чек аралар такталган соң, Ооганстан менен эки тарапка тең пайдалуу саясий, экономикалык, ал тургай аскердик кызматташууну түзүү керек. Тажикстан менен чек ара тилкесинде тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу. Экинчиден, талибдердин лоялдуулугунан пайдаланып, Мургаб облусунун кыргыздарынын коопсуздугун камсыздайбыз – алар каалаган убакта, тажик согушчандары жана аскерлери кыргыз айылдарына кол салса, Ооган Памиринин аймагында жашынып кете алышат. Башкысы Тажикстан менен жакшы келишимдер түзүлүп, Кыргызстан менен чыр-чатак болбой калышы мүмкүн бул жакшы ыңгай.
Тажикстан жана талибандар
Эмомали Рахмон өзүнүн тагын сактоо жана Кыргызстан менен Өзбекстанга кысым дайыма көрсөтүп туруу үчүн Талибанга каршы чыгып жатат. Ошондой эле "Ооганстандын Өкмөтүндө сөзсүз тажиктер болуш керек!" деп Рахмон ШОС, ОДКБ саммиттеринде сүйлөп жүрөт. А Шавкат Мирзиёев тескерисинче, Талибан Өкмөтүн таанып, чукул убакытта кызматташыш керек деп Душанбедеги жана Самарканддагы ШОСтун саммиттеринде айтып жатат. Талибанды таануу маселесинде Өзбекстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Кыргызстандын позициялары бири бирине жакын.
Ортодо тынчтыкты сактайм деген АКШ да Тажикстанды карап жаткандай. АКШ Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшүү көмөктөшсө Тажикстанга 50 аскердик учак менен тик учак берүү мүмкүндүгүн карап жатат. Бул тууралуу Politico басылмасы сүйлөшүүлөрдөн кабардар булактарына таянуу менен жазды. Басылманын маалыматына караганда, кеп былтыр “Талибан” Кабулду басып алган кезде ооган учкучтары айдай качан учактар жөнүндө болуп жатат. Алардын арасында C-208 учактары, A-29 Super Tucano жеңил чабуулчулары, Ми-17, Ми-25 жана UH-60 Black Hawk тик учактары бар. Ушул тапта АКШ коопсуздук тармагында байланыштарды бекемдөө жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча бейформал келишимдерге жооп иретинде Тажикстан өкмөтүнө учактардын бир бөлүгүн берүү ыктымалдуулугун кароодо.
Былтыр Баткендеги көптөгөн объектилер талкаланып, өрттөндү. Жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн таштап кеткенден кийин Тажикстандын жарандары: сакалчан, колдорунда куралы бар, жарандык кийимчен адамдар келип, үйлөрдү өрттөп, дүкөндөрдү тоношкан. Тажик тараптан кол салгандардын арасында ооган жарандары, экстремисттер жүрдү, алар кыргыз аскерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн фактылар бар. Чек арачылар, анын ичинде элди эвакуациялап жаткан ӨКМ кызматкеринин сөөгү кордолгон. Сөөктү кордоп, мууздап, кулактарын кесип... Буга чейин мындай мыкаачылыкты көргөн эмес. Бул согуштук аракеттерге экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү катышкан белгилер бар. Сакалчан, жөнөкөй кийинип курал көтөрүп жүргөндөрдүн бирөө Ооганстандын жараны экенин ошол өлкөнүн бийлиги тастыктады. Андыктан кол салган тараптан экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү, башка өлкөдөн жалданып келген адамдар катышты деп айтса болот.
Ооганстан Тажикстанды канча күндө жайлайт?
Тажикстанды бир жумада ойрондойм деген талибдердин "Омари" корпусунун командиринин орун басары, "Мулла Жан" деген ысым менен белгилүү мулла Мохаммад Жан Хамза мындай билдирүүнү Тохар провинциясында "Талибан" өкмөтүнүн министрлеринин бири менен жолукканда айткан. Ооганстандын Тохар провинциясы Тажикстандын Хатлон облусу менен чектешет.
Хамза: "Тажикстан Ооганстандын ички ишине кийлигишүүнү токтотпосо жана Душанбенин артында Орусия турбаса, талибдердин бул өлкөнү бир жуманын ичинде басып алууга кудурети жетет" деген. Расмий Душанбе талиб командиринин бул билдирүүсүнө комментарий берген жок. Адатта тажик бийлиги талибдердин бийлигин тааныбагандыктан жана Кабул менен дипломатиялык мамилеси жок болгондуктан, "Талибан" өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө эч кандай реакция кылбайт.
Ооганстандын Ислам партиясынын негиздөөчүсү, мурдагы премьер-министр Гулбеддин Хикматияр Панжшердеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронтуна колдоо көрсөтүп жатканына байланыштуу Тажикстанды сынга алган. Ал тажик бийлиги каршылык көрсөтүү фронтуна Фархордо база түзүп бергенин айтып, мындай аракеттер улана берсе Ооганстан да тажик оппозициясына башкалка бериши мүмкүн экенин эскерткен.
Талибдер Кабулдагы бийликти 2021-жылы августта басып алып, Ооганстан Ислам Эмираты түзүлгөнүн жарыялашкан. Анда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Талибан" өкмөтүн сынга алып, анын курамына өлкө калкынын 46% ашыгын түзгөн тажик улутундагылар кирбей калганын айткан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ