www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 29-сентябрдан тарта Ооганстанда интернет толугу менен өчүрүлдү.Бул тууралуу NetBlocks эл аралык интернет-мониторинг кызматы билдирди.
Мындай чараны өлкөдөгү "Талибан" кыймылынын убактылуу өкмөтү "адеп-ахлакты сактоо" саясатынын алкагында кабыл алганы кабарланды.
"Талибан өкмөтү моралдык нормаларды сактоо боюнча чараларды көрүп жаткандыктан, Ооганстан учурда интернеттен толугу менен өчүрүлгөн", — деп айтылат докладда.
Ошондой эле телефон байланышы үзгүлтүккө учураганы айтылды.
Маалымат каражаттарынын айтымында, бул окуя 2021-жылдын августунан бери, башкача айтканда, талибдер бийликти басып алгандан бери биринчи жолу болуп жатат.
Белгилей кетсек, сентябрдын орто ченинде талиптер "адеп-ахлакты сактоо" шылтоосу менен Ооганстандын түндүгүндө оптикалык булалуу интернетти өчүрүшкөн. Муну өкмөт өкүлдөрү "коррупцияны алдын алуу" менен түшүндүрүштү.
Ал кезде интернет Балх провинциясында гана иштебей калганы кабарланган, бирок маалымат каражаттары Ооганстандын дагы төрт провинциясында ушундай окуялар болгонун жазышкан. Талибдер комментарий берген жок.
Интернеттин өчүрүлүшү көптөгөн провинциялардагы жана ири шаарлардагы мамлекеттик мекемелерди, үй чарбаларын жана жеке ишканаларды Wi-Fiсыз калтырды. Бирок, учурда мобилдик интернет иштеп жатканы кабарланган.