www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандан Өзбекстандын аймагына үчүнчү ракеталык чабуул жасалганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги бул билдирүүлөргө реакция кылып, бул контекстте таратылган маалымат жалган жана чындыкка такыр дал келбейт деп билдирди.

«Өзбекстан-Ооган мамлекеттик чек арасы толугу менен өзбек аскерлеринин көзөмөлүндө, абал туруктуу.

Жарандарыбызды мындай жалган маалыматка ишенбөөнү жана расмий булактарга таянууну суранабыз», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда саат 16:20да Өзбекстандын аймагына Ооганстан тараптан 5 ракета жөнөтүлгөн.

12 күндөн кийин, 17-июлда «Талибан» кыймылы Өзбекстанга ракеталык чабуул жасаган топ колго түшкөнүн жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости