www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голливуд актёру Бен Аффлек менен ырчы Женнифер Лопес баш кошушту. Бул тууралуу Lenta.ru билдирди.

Аталган басылма TMZге шилтеме берүү менен 16-июлда Невада штатынын Кларк округунда үйлөнүү үлпөтү болгонун жазды.

Ошондой эле, Женнифер Лопес күйөөсүнүн фамилиясын алганы маалымдалды. Документтерге ылайык, ал азыр Женнифер Аффлек деп аталат.

HollywoodLife апрель айында үйлөнүү тою Лос-Анжелесте жайдын аягында же күздүн башында болорун билдирген.

Андан кийин Женнифер Лопес менен Бен Аффлек баш кошоорун жарыялаган. Түгөйлөр дээрлик 20 жыл мурун ажырашып кетишкен, бирок былтыр ырчы менен актёрдун сезимдери кайра жанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости