www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканада каза болгон адамды тайыз жерге көөмп коюшкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, адамдын сөөгү мынчалык тайыз жерге көмүлбөшү керек.

«Ушул жылдын 18-апрель күнү түштөн кийин ооруканада каза болгон кишини 60 сантиметр казылган жерге көөмп жатышыптыр. Биздин айылдыктар аны видеого тартып алышкан экен. Биз бул нерсеге кыжалатпыз. Себеби, бизде чөө жана жолбун иттер көп. Алар тайыз жерге көмүлгөн сөөктү эртең эле сүйрөп чыгышат» - дешти айыл тургундары.


Ал эми аталган оорукананын жетекчилери: 

«Оорукчан адамды көөмп жатканда эмнеге видеого тартып чыгарышат? Азыр кайра трактор менен жерди терең казып, тиешелүү эрежелерге ылайык көмүштү. Негизи көр терең казылып, кишинин бою чыкпай тургандай кылып көмүлөт. Бул таштак жер болгондуктан биздин кызматкерлер тайыз казып коюшкан окшойт. Мындай нерсе биринчи жолу болду.

Биздин жумуш өтө оор. Оорулуу адамдардын көбүнүн туугандары жок болот. Ошондой адамдарга айыл өкмөттөн бөлүнгөн атайын мүрзө бар. Эгер оорулуу адам каза болсо, анын туугандарына кабар берип, 3 же 5 күн күтөбүз. Эгер туугандары жок болсо, анда биз ушул жерге көмөбүз», - деп билдиришти ооруканадан.

Аталган ооруканада 400дөй адам дарыланса, 1000ге жакын кызматкер эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости