www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият министри А.Жаманкулов, опера балет театрынын директору Болотбек Осмоновго сөгүш берүүсүн өтүнүп, премьер министр М.Абылгазиевге кайрылды.
Бирок, сөгүш алган бул эми илгери союз учурундагыдай таасир деле бербесе керек. Айткандай учурда акча үчүн эмне деген гана ишке барып калышты. Анткени бардык жерде айлык аз, эптеп акча табуу үчүн кылбаган иш калбай калбадыбы. Б.Осмонов опера балет театрынын залын арендага берип, акча алганы тууралуу талаш болуп, арендага театрды бергени үчүн директор өзүн күнөөлүү сезбегенин айты.
Ооба, өнөр ордосу аталган опера балет театрын 2015 - жылы качып кеткен Данияр Үсөновдун баласы арендага алып, туулган күн өткөрүп, чоң чырга жем таштап, ошол кездеги директору Тимур Саламатов иштен айдалган. Эми минтип ал чырдын баяны эстен чыга электе, кайра дагы талаш маселе жаралганы, көпчүлүктүн көңүл чордонунда калды.
Эгер азыртан бул маселеге чекит коюлбаса, акчасы көп көпөстөр той өткөрөм деп чыгышы да толук мүмкүн. Анткени, акчасы бар байлар мактаныш үчүн, байлыгын көрсөтүп калуу максатында кулак угуп, көз көрбөгөн иштерди жасап жатканына турмуш өзү күбө. Бир жагынан сөгүш берилгени деле туура болду көрүнөт. Болбосо дагы бир талаш маселе чыгып кетүүсү толук ыктымал.
Ал эми театрдын директору Б.Осмоновго жаман болот го, себеби, сол чөнтөккө кеткен акчадан куру калып жатканы кантип үшкүрүктү пайда кылбайт. Сабыр кылыңыз, дагы бир айласы табылып калар деп көңүл айта туралы.
Б.Б.
Булак: NazarNews.kg