www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен демократиялык кыймыл тергөө абагынан ооруканага которулуп, өзүнө келе албай жатып көз жумган саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикирин айыптаган билдирүү таратты.

Кайрылууда Ташиев ​"айыпсыздык презумпциясы" принцибин одоно бузуп жатканы белгиленет. Оппозициялык кыймыл атайын кызмат Казакбаевдин өлүмүн териштирүүнүн ордуна өз пикирин айткан адамдарды суракка чакыртканын сындайт.

14-июнда саясатчы Равшан Жээнбеков Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу айткан пикирине байланыштуу (УКМК) суракка кирип чыкты. Атайын кызматтын тергөөчүсү ага "жалган маалымат таратпоо тууралуу" эскертүү бергени белгилүү болду. Ушундай эле эскертүүнү журналист Канат Каниметов дагы алганын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ташиев эксперттин өлүмүн бир катар саясатчылар "өз максатына колдонуп жатканын" айтып, Равшан Жээнбековдун ысымын атаган.

Бул тууралуу Ташиев “Новые лица” порталы менен болгон маегинде билдирип, тиешелүү бөлүмдөргө Жээнбековго расмий эскертүү берүүнү тапшырганын айткан. Оппозиционер Жээнбеков оор абалда ооруканага түшүп көз жумган эксперттин өлүмү үчүн Ташиевди отставкага кетүүгө чакырды.

Бул ортодо кечээ, 14-июнда Равшан Жээнбеков УКМКга суракка чакыртылган.

Эске салсак, Марат Казакпаев 9-июнда Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканага "Тез жардам" менен жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей көз жумган.

Былтып апрелде камалган саясий эксперт Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын айтып арызданган. Анын жубайы Анар Казакпаева күйөөсү УКМКнын тергөө абагында убагында медициналык жардам ала албай, кыйноого кабылганын билдирген.

Атайын кызмат Казакпаевге керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун маалымдаган.

2021-жылы апрелде Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков аттуу адам "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости