www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго жана акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылып, объективдүү иликтөөнү талап кылышты.

Катта укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, чиновниктердин, соттордун жазасыз калышы, адилеттүү тергөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу "Кыргызстандагы жабык мекемелерде сотсуз өлүм жазасына тартылган жаңы учурларга" алып келери айтылат.

Укук коргоочулар Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде абактагылардын өлүмү боюнча статистикалык маалыматтарда абактарда адамдар негизги жашоо укугунан ажырап, каза болуп жатканын белгилешүүдө.

"Мамлекет адамды соттоп, аны эркиндигинен ажыратат, бирок анын өмүрүнө жана коопсуздугуна кепилдик бериши керек", - дейт  аталган укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы тергөөдө жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандардын өлүмү боюнча чукул жана комплекстүү иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча президентке жана мэрияга кайрылат”,-деп айтылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости