www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июнда NazarNews маалымат агенттигине Кочкор районунун аксакалдарынан президентке кайрылуу келип түштү. 

Кайрылуунун тексти толугун менен төмөндө:

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Кочкор районунун акимин бир тараптуу каралаган белгисиз топтун активдүү болуп жатканын көрүп аябай таңкалгам.

Бүгүн минтип Кочкор районунун ардагер карыялары чогулуп Кыргыз Республикасынын Президентине жазышкан кайрылуусун көрүп окуянын өзөгү түшүнгөндөй болдум...

Эгер каттын мазмунуна таянсак, жалаң жыдып калгандар биригип алышып, бир райондун элинин атынан сүйлөшүп, элдин атынан чечим чыгарышып, жаштарды коозутуп, каалаган кишисин кызматка коюп, каалаган адамын акчага үрүп турган фейк кандектерине талатып, тымызын регион аралык кастыкты, трайбализмди курал кылышып, анча-мынча жаштарды бал сөздөрү менен уулашып, бүт республикага алардын сөзүн сүйлөбөгөн, алар үчүн «керексиз акимди» ар кандай шылтоолор менен жоготолу деп фронт ачышкан экен да?

Катта алардын аты жөнү толук жазылыптыр. Эми эртең жөө жүрүш жасашып акимди кетсин деп кыйкырышат имиш... Ал гана эмес 1000-1500 эл чыгат деп шымааланып ураан чакырып жүрүшкөнүн окудук. Бирок Кочкордогу «Келечек ынтымагы-85», «Кочкор жаштар уюму» сыяктуу уюмдар митингге катышпайбыз деп айткан экен...

Көрсө жакында эле «Аким мамлекеттик тууну жыккан атат» деп кыйкырышканы, туудан саясат жазашканы патриоттуулук эмес кандайдыр бир саясий жана коомдук кызыкчылык окшойт? Өкүнүчтүү?

Үч адам биригип алып бүт республикага район жетекчисин бокочо көрсөтүп, аны кызматтан кет деп жатышканы жакшы жышаан эмес!

Кет дегидей дотацияда отурган райондо тымызын байлык же казына барбы? Мүмкүн аким коррупциянын бетин ачып, кылмыштуу топторго сокку урганбы?

Менимче, бул катты Президент Садыр Жапаров көз жаздымда калтырбайт деп ойлойм. Улуттун коопсуздугуна, элдин ынтымыганы доо кетпесин.

Окурман өзүңүз талдап көрүңүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости