www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги Орхан Инандыны кантип Түркияга алып кетишкени боюнча комментарий бере элек.
Кечээ, 5-июлда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын жараны, «Сапат» (мурунку «Себат») кыргыз-түрк мектептер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады. Эрдоган атайын операцияны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму жүргүзгөнүн айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматы дагы Инандды кантип өлкөдөн чыгарып кетишкени боюнча түшүндүрмө бере элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дагы эч кандай билдирүү жасаган жок.
Инанды 31-май күнү кечинде байланышка чыкпай калган. 1-июнь күнү таңкы саат төрттөр чамасында анын унаасы Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн короосунан табылган.
Инандынын жоголушу коомдук нааразычылыкты жаратып, бүтүрүүчүлөр, окуучулардын ата-энелери, ошондой эле жарандык активисттер түрк тараптан күмөн санашкан. Алар Инандыны табууну талап кылып бир нече күн митингге чыгышты.
Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды Орхан Түрк элчилигинин имаратында деп бир нече жолу билдирген.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары учурунда Эрдоган Инандынын кайда экенин билбей турганын айткан.
Булак: NazarNews.kg