www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды боюнча маселе 3-июнда Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, тийиштүү мекемелердин маалыматын угуу сунушу айтылды.
Мындай демилгени бир катар депутат көтөрүп чыкты. Алардын бири, депутат Улукбек Ормонов Инандыны издөө иштеринин жүрүшүн билүү жалпы коомчулук үчүн да маанилүү болуп жатканын белгиледи.
«Мына, үч күн болду. Кандай иш-чара болуп жатат? Ички иштер министрлиги өзүнүн маалыматын берип койсо. Бул жалпы коомчулук үчүн да керек», - деди Ормонов.
Ал эми депутат Дастан Бекешев да кесиптешинин айткандарына кошулуп:
«Ички иштер министрлиги эмне кылып жатат? Орхан Инандынын жоголуусунан улам коомчулукта туура эмес маалыматтар тарап жатат. Эми аны сырттагы коопсуздук кызматы уурдап кетти деген кептер тарады. Менин оюмча, андай эмес. Бирок аны тастыкташ керек», - деди депутат.
Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн, анын курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер киргенин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган. ИИМдин маалыматына карата, факт боюнча иш Жазык кодексинин «Адам уурдоо» беренесинин негизинде козголгон. Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырганы 1-июнда кабарланган.
Аны табуу талабы менен буга чейин Жогорку Кеңеш алдында, Түркиянын элчилигинин жана Бишкектин милиция мекемесинин алдында акциялар өткөн.
Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси Бишкекте 1-июнга караган түнү табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.
Кыргызстанда 20дан ашуун «Сапат» жеке лицейинин, «Ататүрк-Алатоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, кийин ал Кыргызстандын жарандыгын алган.
Булак: NazarNews.kg