www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улукбек Ормонов учурдагы парламенттин “тилдүү" депутаттарынын бири, ал тилин аркы –берки сөздөрдү айтып калжаңдай бербейт. Манилүү маселелер болгондо тикесинен-тик туруп калат. Элдин бары жаш, дымып жатканда биринчилерден парламенттин фракция жетекчиси болгон. Ошол убагына көз салып кайрыла кетели.
"Өрдөк жокто чулдук бий"
"Өрдөк жокто чулдук бий" деп коёт эмеспи. Сөздүн төркүнү азыркы мыйзам чыгаруучу бийликке келген парламент менен андан мурунку чакырылыштагы парламентти салыштырганда келип чыгат. Эки парламенттин тең шайланып келишине окшоштугу бар. 2010-жылы келген парламентти "баткак шайлоого" теңегенибиз менен азырык парламентке салыштырмалуу жөндүү мыйзамдар менен алек болгон. Андан мурунку паарламенттик мажоритардык шайлоолордо бийликке ачык каршы чыккан саясий оппоненттер оппозициянын мыкчыгерлери өз округдарынан мөөрөй алып парламентке келишкен. Алардын арасында "Дастанды" мыкчып турган жигит Улукбек мырза да бар эле.
Ошентип 2010-жылы бийлик алмашты. Бул бийликтин алмашылышына эң биринчи себепкер шайлоо болсо дагы, жаңы шайланган Жогорку Кеңеш жалгыз гана легитимдүү орган катары ошол мезгилде мыйзамды бекем сактап эки жарым жылдык өмүр сүрүшүнө фундамент куруп алды. Жаңы бийлик мурунку таптап койгон жолго түшө баштаган соң, жаңы парламенте бийликке конструктивдүү оппозиция өсүп чыга баштайт. Ошол эле мезгилде бийлик үчүн көкүрөгүн тоскон топ да пайда болот. Улукбек мырза "оттой жанган" оппозицияда да, же Ташиевдей болуп ташы өйдө кулаган "Ак үйчүлдөрдүн" катарында да жулунуп чыкканын көргөнүбүз жок. "Терпи солдат генералом будешь", деп унчукпай мыйзамын жазып жүрө берди да, мына эми парламентте "генералга" жетип баратат.
Жаңы Конституция референдумдан өтүп парламент тараган мезгилде, көпчүлүк депутаттар "стресске" кабылды. Оппозицияны "оптом" сатып "Ак жолго" өткөн Кабай Жабаевичке караганда Ормоновдун бул жакка өтүшү мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Парламентке деле такшалып калган, мыйзамды "чемичкедей чаккан" Улукбек мырзадай адам керек эле да. Ошентип кайра шайлоо башталды. Өткөн парламенттин локомотиви эсептелинишкендер бир убакта баш болгон оппозициянын элиталары эшикте калышты. Ал кезде парламентке баш - көз боло турган Улукбек мырзадай адамдар керек эле. Ошондуктан "май - талкан" он эки комитетти "Токту сурамай" оюнундай "Балк - былк - былк семиз" деп семизин, эттүүсүн Ормоновго энчилешкен. Анткени саясатка көп аралашпайт, бирок ММКачыларды да эч четке какпайт.
Легитимсиз болушса да "Ак жолчулар" көпчүлүгүн түзгөн, мыйзамдын "А" деген арибин тааныбай келишкен бийликчил депутаттар бутунан туруп кетишти. Себеби кат - сабатын жойгон бирин - серин болушса да Ормоновдой мугалимдери бар да. "Өрдөк жокто чулдук бий" дегеним, ошол парламенттин алчы - таасын тааныган мыкты депутаттардын бири "Өрдөк жокто Улук бий" болду. Башкаруу фракциясынын башына, ал эмес спикерликке Улукбек мырза жетилип калган. Мыйзам чыгаруу боюнча такшалган адис, саясий интригалар менен иши жок, таза "Дастанын" "мастандар" далыга чаап алып койду эле, байлык үчүн жулунган жок. Жүзүндө депутаттын фону көрүнүп турган. Балким бийлик дагы бир азаматын тарттырып жибергенден коркуп, ушул кадамга баргандыр. Неси болсо да кээде бийлигиң деле кургур туура кадам жасап коёт. Ал эми башкаруу пультун Бакиев өз колуна кармап турганда "Ак Жол" фракциясынын башына "любой" адамды коюп койсо болмок.
Улукбек Ормоновдун салмагы канча?
Арийне, Улукбек Ормоновко окшогон беш - алты депутаттын салмагы, калган "ак жолчулардын" салмагын көтөрмөлөп отуруп, эми гана көзү ачылган "ак жолчулар" бир аз кыймылдашып, эл тууралуу ой жүгүртө баштаган. Ошол мезгилде эле энергетиканын төрүндө өзүн - өзү билип, өтүгүн төргө илип жүргөн Ильяс Давыдовду Юрий Данилов деген "ак жолчу" какатып койду. Эмне үчүн акча деп жулунасыңар, элди ойлобойсуңарбы дегендей. Мунун баары парламенттин кыймылдаткыч күчү катары Улукбек мырзанын эмгеги. "Акени көрүп, ини өсөт", "Акани көрүп үка өсөт", дегендей Улукбек Ормоновго окшогон элдин камын ойлобосок, парламентте азуу күтүп калган депутаттарды көрүп калган "бөлтүрүк" депутаттар эми шайлоо алдында гана ойгоно баштады. Ал эмес мурунку парламентте оозуна тамак сугунуп алгансып, унчукпай жалтаңдаган Юралардын да тили чыга баштады. Демек, эми электорат да мурунтугунан жетелетпей, өз алдынча "суверендүүлүккө" жеткен депутаттарды тизгиндебей калды дегенди түшүндүрөт. Ким билет эмки шайлоодо Адахан Мадумаровду кайрадан спикерге алып келип такалата баштаар. Же Ормоновго "Ормон опузаны" үйрөтүп, ооздугу бошогон депутаттардын ооздугун тартып коёр. Дагы бир вариант Ормоновду аткаруу бийлигине алып барып пайдалануу жагы. Чынында эле депутат болуп жүрө бермек беле, Улукбек мырзанын да иштей турган учуру келди. Улукбек Ормонов кѳп жылдар 71 депутаттан турган зор фракцияны башкарып турган,ошол мезгилде ЖМКларга да Ормонов жулунуп кѳп чыкчу эмес. Ормоновдун бирин-экин материалын тизмектеп койолу
Мени бул кызматка кое сал деп эч кимге чуркап да барган эмесмин
2007-жылдагы парламенттик шайлоодо, Улукбек мырзанын ишмердүүлүгүн эске алышып, «Ак Жол» партиясын түзгөндөр чап кенедей жабышып, парламентке алып келишти. Улукбек Ормонов айдаган жакка чуркаган «балакай» депутат эмес, керек болсо спикердин өзүнө моюн толгоп, каяша айта турган фракция жетекчиси болгон. Апрель революциясынан соӊ ал парламент тараган. Ал 2008-жылы 4-февралда "Ак жол" фракциясынын төрагалыгына бекиген. Андан бери көп жылдан ашуун убакыт өттү. Ушул аралыкта муну кыйратып жибердим деп төш каккан жок. Анын кандай иштеп жатканына коомчулук, кесиптештери баа бергени жөндүү. Жашырганда не, фракция курамындагы 71 депутатты жетектеш оңой иш эмес. Ар кимисинин кыялы ар башка дегендей. Ишке байланыштуу нааразычылыгын билдиргендер да болот. Асыресе, командировка жаатында пикир келишпестиктер арбын. Анүстүнө бардыгына тегиз жагыш кыйын. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Айрым оппозициялык маанайдагы гезиттер аны өкүртө "туздап" жүрүштү. Ал аны туура кабыл алчу. Сын-пикирлерге теригип, басылмаларды сотко сүйрөгөн жок. Эң башкысы, өзү ак болсо болду. Партиялык тизме менен келүү бир округдан шайланып келүүгө караганда таптакыр башка. Партиялык парламентке көнө албай, ошонун аркасында ар түрдүү көз караштар, сындар айтылып келатат. Мурда ар бир округдан шайланып келген депутаттар көз карандысыз болушчу. Азыр болсо система таптакыр башкача. Маселен, учурунда партия чечим кабыл алса, фракциянын чечимин сессияда жарыялоо жагы фракциянын жетекчиси катары ага жүктөлгөн. Кабыл алынган чечимди трибунада айтса көпчүлүк аны түшүнбөй эле, "Ормонов өзү эле чечип жатат" деген туура эмес көз караштар да болгон. Бул туура эмес. Мындай сөздөр партиялык парламенттин принциптерине толук түшүнбөгөндүктөн улам айтылууда.
Кечээки болгон жакшыларды эстеп калышыбыз керек
Шайлоодо жеңген партия катары 2009-жылы Жогорку Кеңештеги "Ак жол" фракциясы премьер-министрликке Данияр Үсөновду көрсөткөн. Алар президент баштаган реформаны так аткарып, аягына чыгара алабы? Кеп ушунда. Кыргызстанда бирин-бири кайталаган, кагаздарын бири-бирине жылдырган структуралар өтө көп. Ошолор тартипке салынса экономика үчүн да, эл үчүн да жакшы жетишкендик болот. Андан мурунку Чудинов баштаган өкмөт дүйнө жүзүн каптаган оор кризистен биздин кичинекей Кыргызстаныбызды чоң жоготуусуз чыгара алды. Аны баалап коюшубуз керек. Өкмөттүн ошол жетишкендиктери эске алынды. Кийинки өкмөткө үч-төрт эле жаңы киши келбесе, негизи баягы эле өкмөт мүчөлөрү калышкан
Ал учурда дагы бир ойго салган маселе - социалдык фонддун бүт жыйындарынын бардыгы салыкка өткөндүгү. Албетте, мунун ишкер эки жакка чуркабай бир эле жерге барсын дегендей жакшы жагы бар. Бирок, экинчи жагынан алганда, 2010-жылдан тарта чогултуу (накопительный) системасына өтүүгө далалаттар болгон. Ушул жагы так каралганда ошондо гана реформа толук чечилди десек болмок. Себеби, Орусиянын ушул боюнча тажрыйбасы бар. Бириктирип, кайра социалдык жыйымдарды кайра бөлүштү. Бирөөлөрдүн катасын туурабашыбыз керек эле.
Борбор Азияда эркин гезиттерди чыгарып, эркин макала жазууга мүмкүнчүлүк алган Кыргызстан эле болуш керек, эркиндик болгон үчүн бизде күчтүү журналисттер, эркин гезиттер көп. Бул демократия жолунда бараткан Кыргызстандын жетишкендиги болсо керек. Негизи журналисттер коомдун күзгүсү катары чоң ролду ойнойт эмеспи. Андыктан интервью бергендер да, маалымат алгандар да жоопкерчиликтүү болсо эч ким капа болбойт. Так жазылган маалымат кимди болбосун ыраазы кылат деген ойдомун.
Ормоновдун "Ормон опузасы" качан башталат?
Ал фракция жетекчиси болуп турганда парламентке жогорку билимдүү адамдар келди десек болот. Бирок, азыркы парламенттеги башаламандыкты көрүп ошол кездеги депутаттардын активдүүлүгү жогору экенин билип жатышса керек. Азыр 120 депутаттын көп болсо 20-30 депутаты гана активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Азыр депутаттар эч кимге баш ийбейт, жоопкерчилик жок. Мисалы, парламентаризм деп 6 партия Жогорку Кеңешке келгени менен азыр 10го жакын партиянын өкүлдөрү отурат. Мындай депутаттардын башаламандыгына мыйзам жол берип жатат. Азыркылардын мурунку парламенттен айырмасы бир гана азыраак ачыктыгы эле болбосо, башка жакшы жагын көрө алган жокмун. Бирок, андан дагы натыйжа жок, элге деле пайдасы тийбеди. Кичинекей компанияда бири-биринен сөз талашкан жагдайлар болсо болгондур, бирок, мурунку парламентте залда болгон эмес. Тартип азыркы парламентарийлерге салыштырмалуу күчтүү болчу. Бизде жумушчу орун жок, экономикабыз начар, жумушка жарамдуу жаштарыбыздын 1 миллионго жакыны Орусия менен Казакстанда жүрүшөт. Ар ким ар кандай кабыл алат. Бирок, Бажы биримдигине кирүүнүн эрежелери, шарттары элге белгисиз болуп, коомчулук бул уюмга кирүүнүн чыныгы максатын түшүнбөй калды.Канча убакыт өттө, бирок Бажы уюмга кирген бизде же Казакстанда кайсыл товарларга баа көтөрүлдү, кайсыл товарларга жеңилдик болду, эмне күттү, эмне болобуз деген суроолор жоопсуз калды. Учурда "Дордой" базарындагылар Бажы биримдигине кирсек жыргайбыз дешкен, , бирок, "Кара-Суу" базарындагы соодагерлер Бажы биримдигине кирүүнү көп каалашкан эмес. Анткени, ал жактагылар Бажы биримдигине мүчө эмес мамлекеттерден товар алып келип соода кылышат. Азыр Бажы биримдиги боюнча карапайым калкта эмес, коомдук иштер менен алектенип жүргөндөрдө дап дагы толук түшүнүк жок.
2010-жыл жана башкалар
2010-жылы бийлик жаңыдан орноп жаткан. Жергиликтүү бийликтерге, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө бийлик көрсөтмө берүүгө күчү жетпей турган учурда акыйкаттуу чечим чыгарууга ар ким аракет кылды. Ошол кезде, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын парламентке келбей калышынын бирден бир себеби, ошол шайлоонун акыркы учурда бурмаланып кеткендиги себеп болду. Бир түн ичинде шайлоочулардын санынын 300 миңге көбөйүп кеткендиги, Орусиянын Сибир, Урал тараптагы шайлоолордун жыйынтыгынын жокко чыгарылгандыгы түшүнүксүз бойдон калды. Ал жердеги шайлоолор жокко чыгарылгандан кийин бирөө жооптуу болушу керек болчу. Алдыдагы шайлоодо деле бийликтегилер дагы, оппозициябыз дегендер дагы кандай жол менен болсо да өз партияларын парламентке алып кирүүгө болгон аракеттерин жумшайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Элибиз таза шайлоо өткөрбөсө, кандай чараларды көрө тургандыктарын бир –эки жолу бийликтегилерге жакшы эле далилдеген. Шайлоодо сырткы күчтөр чоң таасирин тийгизип жатат.
Учурунда башкаруу фракциясынын жетекчиси Улукбек Ормонов кыргыз элине кудай сѳзүн жеткирүү үчүн абдан зор аракеттерди кылган. Улукбек Ормонов чын ыкыластан Шамсуддин Акимди каржылап Куранды котортсо, Шамсуддин курандын маанилерине жана Кыргызстандын мыйзамына төп келген асыл баалуу түшүндүрмөлөрдү киргизип салган. Ошол Шамсудин мырзанын чыгарган китебин кээ бир атаандаш мусулман уюмдар ак-караны карабай "киллер-жазмакер, жалаакор, келесоолук ж.б." өңдүү мусулман адамдын оозуна келбеген жагымсыз сөздөрдү пайдаланган. Бул мүмкүн ошол "билдирүүдөгү" уюмдардын жана адамдардын акыл-парасат деңгээли чыгаар. Андан көрө окурман өйдөдө мусулман уюмдар кептин төркүнүн тактабай, эртелей, курулай актанып жаткандыгын аныктоо, анализдөөгө өтөлү. Фракция жетекчиси Улукбек Ормонов тууралуу да ирети менен айта кетели. Ислам университетинде Куран Каримдин жаңы котормосунун бет ачар аземи болуп өткөн. Бул тууралуу айткандар Ормоновдун жасагандары, ал эл сыяктуу эле туулган, туулган күнү да кыш башталып кычырап турган убакка туш келиптир, кышбы же жайбы Улукбек мырза туулдуңуз, туулган күнүңүз менен!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg