www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңеште бүгүн, 4-декабрда «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды.

Депутат Таалайбек Масабировдун “Кыргызстанда эң төмөнкү пенсиянын суммасы дайыма эле айтылып келет. Ал эми пенсиянын эң жогорку суммасы канча?” деген суроосуна Социалдык фонддун төрагасы кагаздарын чукулап отуруп, “104 000 сом” деген жоопту айтты.

Ал эми персоналдык пенсионерлердин саны өлкөбүздө 2000 адамга жетет. Алардын орточо пенсиясы 20 000 сомдун тегерегин түзөт.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости