www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын коло медалын допинг чырынан кийин алдырган оор атлетчи Иззат Артыков бул окуя тууралуу айтып берди.

Аны менен «КТРК Спорт» маектешкен. Ал допинг тууралуу маалыматты алгач машыктыруучу Үсөн Майназаровдон уккан.

«Орозо учурунда калп айтпайын. Бизде эч кандай допинг болгон эмес. Мен болгону «Флэш» ичкем. Ал күч-кубат бербейт. Бул жөн гана биздин спортчуларга көрө албастык болду деп ойлойм.

Биздин өлкөдө 1980-жылдан бери медаль болгон эмес да. Балким акчага да байланыштуу.

Ал учурда Бишкекте болчумун. Кош бойлуу жубайымды ээрчитип, айылга кетип калдым. Машыктыруучудан башка эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. Бул окуядан кийин 1,5 жылдай стрессте жүрдүм.

Мелдештин алдында Франциянын спортчусу Кинг Матам ашканада менин жанымда отурган болчу. Ошол учурда Жаңыл Окееванын мелдеши болуп жаткандыктан, бардык машыктыруучулар анын жанында эле. Мен стейк алып, чайга бардым. Француз жанымда отурган. Башкасы бир Кудайга белгилүү. Бирок мен андан шек санайм. Балким бир нерсе кошуп койгондур...», - деди Артыков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости