www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын жана борбор калаа менен чектеш Чүй облусунун аймагындагы суу жетпей жаткан жерлерди кыдырып, эл менен жолугушту. 

Карапайым калк эки айдан бери суусуз отурушканын, ачкачылык жарыялайлы дешсе ансыз да ачка алышканын, согуш учурунда немистер да мынчалык кыйнашпаганын, жада калса график менен суу бере албай жаткан бийликке нааразы экенин Жапаровдун бетине айтышты. 

Бирок, кандай болгондо дагы суудан кургак чыккан, самындай колго токтобой жылмышкан Акылбек Жапаров: "Мен Казакстандын премьер-министри менен сүйлөштүм, аларда дагы суу тартыш экен. Сабыр кылгыла 3 жылда чечебиз", -  оозун куру чөп менен аарчыды. 

Кыргызстанда көйгөй чечилбей чирип жатса, башка өлкөлөрдө деле абал ушундай деген шылтоону кыйналып-кысталбай айткандан уялбаган чоңдор, башка өлкөдөгү айлык жогору, жашоо жакшы экенин эмнеге мисал кылгылары келишпейт?  Мисал кылышса эле көйгөйүн айтышат, өнүгүү тууралуу ооз ачышпайт. 

Казакстанда Кыргызстандай суу кенен эмес. Жапаров эмнеге Казакстандан суу алып жаткансып аларды мисал кылат. Жок жерден дагы каратып туруп элдин көзүн жазгырып манипуляция кылып жатат. "Үч жыл сабыр кылгыла" дейт. Ага чейин Апенди айткандай "эшек өлөт же Жапаров иштен кетет..." Же түбөлүккө эл башкарам деп ойлойбу?..

Минтип өмүр бою кызматта турчудай сүйлөп жатканына караганда, Акылбек Жапаров кийинки президенттике даярданып жатыптыр деген сөздөр жөн жеринен айтылып жатпаса керек.

Жөнөкөй суу маселесин чече албай, элди салык менен тоноп, жон терисин сыйрып жаткан Акылбек Жапаров президент болсо элди тентитип жиберет го. Ансыз да эки жылда чет өлкөлөргө кыргыз жарандарын ишке орноштуруп жатабыз деп мандикер кылып кулчулукка жөнөтүп жатышканын жетишкендик катары пиарлап келишет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости