www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият

Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев баланы энесинин атына каттоо боюнча (матроним) пикирин билдирди.

Муфтийдин айтымында, ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланы ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык болушу өтө зарыл. Ошондуктан ислам дини баланын тегин атага таандык кылат.

"Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекеттерде уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген. Шарият адамдын акылын, намысын, мүлкүн, тегин, урпагын сактоону максат кылат. Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө майып балдардын төрөлүүсүнөн сактайт. Динибиз ушул себептүү баланын атасы белгилүү болуусун жактайт. Ыйык Куран баланы өз атасынын аты менен чакырууну насаат кылат", — деп жазды Ракиев.

Ошондой эле муфтий кыргыз коомчулугунда да "жети атасын билбеген", "жетесиз кул" деп катуу айыпталганын, "тексиз кул" дегенден өткөн оор сөз болбогонун белгиледи.

"Улуттук каада-салтыбызда жети атасын билүү деген генеологиялык алтын эреже бар. Ал принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет. Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! "Кыргызда кыздын аты улук" деп тегин жерден айтылбаган. Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык", — деди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы.

Белгилей кетсек, буга чейин Конституциялык сот жарандар 18 жашка чыккандан кийин атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечүүгө укуктуу деген бүтүм чыгарган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости